Кемпир - Абадды коргойбуз деп чогулган шакалдардын ар бирини үйүн эмне иш кылып жатышканын, баскан изин тинтип, текшерип, көзөмөлгө алуу керек. Бизге дагы бир төңкөрүштүн кереги жок!
2017- жылы президенттик шайлоо кампаниясына акча таппай, Мадумаров менен Москвадагы Орозайым мигранттардан акча жыйнаган. Андан кийин деле Мадумаров коронавирус учурунда: "Үйүмдө ун, чайым жок", - деп бечара болгонун жамырай журт уккан. Анан эле булар кайсыл акчага тыным жок эл менен жолгушуп, а түгүл Курултай уюштуруп жибергенге да жетишишти. Курултай уюштуруу үчүн деле аз акча кетпейт. Жазган баннерлери, минген машиналары, чыгаша бензиндер, топтогондорго артисттерди, акындарды ырдатуу үчүн, алардын чандайган курсактарын тойгузуу үчүн, койчу, баскан тургандарынын баары акча эмеспи.
Бир жетимге бир тыйын берип башын сылабаган, үйүндө ачка олтурган Мадумаров ушунча акчаны кайдан алды?Албетте, Москвадагы Сапар ууру акча менен камсыздап жатат.
Буларды аяп олтурбай, ачык эле бузукулукка, мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракетте, а түгүл бийликти басып алууга чакырыктар үчүн баарын камап, тиешелүү жазалары берилсин. Качанга чейин тынч жаткан элдин бейпилдигин буза беришет?
Равшан Жээнбековду өткөндө эле түрмөдөн чеки чыгарышты. Ал деген Атамбаевдин анги сарайында көп кылмыштарга шерик болгон. Жок дегенде жоокерлерди барымтага алышканы үчүн жазага тартса жарашат.
Мадумаровдун ызаты бүттү. "Чимкириктер" булардын жанын ала турган болсо, "парламент таркасын" деп көчөгө чыгабыз. "Чимкириктердики" да чеке жанга батып кетти, кылмышкердин жанын алышып.
Бизде президенттик башкаруу. Токсон бекерпоздун бизге эмне кереги бар, кылмышкерди коргоп олтурушса. Сапар ууруну да тайраңдатпай алып келип, чегерилген кылмыш мөөнөтүн өткөрүүгө мажбур кылыш керек.
Шамурза Борукулов, журналист