Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1139

Атамбаевдин сүйгүнчүк генералы, “көк пакетинин” ээси, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов жубайы К.Усенканова экөө 2017-жылдан бери М.Башкурт, И.Түрк баш болгон 6-7 түрк ишкерлеринин 13,5 миллион АКШ долларын “алтын буюмдарын сатып беребиз” деп алышып, же товар же акча бербей сызга отургузуп келатышат.

Эки өлкөнүн мамилесине терс таасир тийгизчү бул окуя тууралуу Түркия элчилиги нааразылык  билдиришсе да жыйынтык чыга элек. Чет өлкө инвесторлорун укуктарын коргоочу катары Асановго жолукканда “Беребиз, орду бар”, - деп тил эмизгени түгөнбөйт. Асанов эми оппозиция лидерлеринин катарына кошулуп, “жакында революция жасап, бийликти алмаштырабыз”, -  деп күпүлдөп жүрүптүр. Демек, Курсан Сатарович түрктөрдүн акчасын төңкөрүшкө жумшамакчыбы?                                       

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, бир аткаминердин алдым-жуттумдугу бир канча чет өлкө ишкерлерин иренжитип, өлкө имиджине доо кетирип аткандыгы тууралуу мамлекетибизде мыйзамдуулуктун бекем сакталышына катуу күрөшүп атышкан президентибиз С.Жапаровго, УКМК төрагасы К.Ташиевге, башкы прокурор К.Зулушевге билдирүү менен кайрылабыз.

 

Ахунбай КОШОЕВ, коомдук ишмер, юрист