2022-жылдын 21-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.
Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.