УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 21-октябрда Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик кызматтардын жана Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жумушчу жолугушуу өткөргөнүн кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев кырдаалды турукташтыруу боюнча ар тараптуу чараларды ишке ашыруу жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында конфликттерди алдын алуу зарылчылдыгын белгиледи.
"Чек арада жана чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелерди бир гана саясий-дипломатиялык жол, сүйлөшүү аркылуу чечүү керек. Чек ара маселеси эки мамлекетке таандык, ага байланыштуу ар кайсы рангдары аткаминерлер жана карапайым жарандар чек арадагы кырдаалдын курчушуна алып келчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабасын. Бүгүн биз баарыбыз - Кыргызстан жана Тажикстан, эки өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болчу тынчтыкка жана туруктуулукка муктажбыз", - деди УКМК төрагасы.
Камчыбек Ташиев Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөөнү тапшырды.
"Сиздер кандай маселелер пайда болсо, анын баарын тез арада эки тараптын чек ара мекемелери, компетенттүү жана укук коргоо органдары менен биргеликте чечишиңиздер керек", - деп белгиледи Ташиев.
Ошондой эле, ал Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик кызматтарынын жетекчилери кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда персоналдык жоопкерчиликти алаарын белгиледи.