Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Мурдагы өкмөт башчы Алмамбет Матубраимов кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу келишим боюнча пикирин билдирди. Айтымында, стабилдүүлүккө жетиш үчүн чек ара маселерин тез арада чечүү зарыл. 

"Чек аран боюнча эки тарап келишимге келип, канчалык тез арада чечсек, ошончолук стабилдүүлүк болот. Бир жерден утсак, бир жерден утулушубуз мүмкүн. Мен дагы Өзгөндөн болои. Жалпы жагдайды алып келгенде, суунун деңгээли көтөрүлгөндө суу көпүрөгө чейин тээп, бүт жерди суу басып калаарын жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Суунун деңгээлин келишим боюнча 900гө ылдыйлатуу менен 1200дөн ашуун гектар жерди бошотот экенбиз. Мунун баарын салыштырып карап көрүш керек. Буга чейин плотинага Кыргызстан кийлигише алчу эмес, азыр 50-50 пайыз менен биргелешкен ишкана түзүлөт экен. Сууну бирге көзөмөлдөө дегени мага жагдай бир жагына чечилде деген ойду жаратып жатат", - деди Алмамбет Матубраимов.