Жарандык активист Марат Тагаев соцтармактагы баракчасына кечээ, 20-октябрда президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кыргыз-өзбек келишимин түшүндүрүү максатында жарандык коом менен болгон жолугушуусунан кийинки пикирин жарыялады. 

"Камчыбек Ташиев Совет-Абад боюнча мындай деп дагы айтты: "Бийликке келип, карталарды, секрет документтерди көргөнгө чейин мен деле "Усубалиев Совет-Абаддды (Ханабад) Өзбекстанга арендага берип салган" десе ии деп жүргөм. Биз ошентип чоңойгонбуз. Айылдагы аксакалдын баары ошентип айтат эле. Бирок 1924-жылдан берки бир дагы картада Совет-Абад эч качан Кыргызстандыкы болбоптур. Усубалиев эч кандай арендага берип салбаптыр. Бул сыяктуу ушак болуп гана айтылган сөздөр көп".

Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын 4485 гектар жерине салыныптыр. Плотинасынын бир бөлүгү, суу сактагычтын бир тарабы Өзбекстандыкы.

Суу басып жаткан жер үчүн Өзбекстан 1965-жылы 4127 гектар жерди ар кайсы жерлерден бизге берген экен. Эми аны компенсация дейбизби, кандай дейбиз, кыскасы Кыргызстан алган.

Алар кайсыл жерлер?

- Кадам-Жай районунун Көк талаа айылы - 758 гектар жерге курулган.

- Пылдырак айылы - 255 гектар жерге курулган.

- Араван району Найман айылы - 148 гектар жерге курулган.

- Ноокен районунун Достук айылы - 1088 гектар жерге курулган.

- Аксы аэропорту - 446 гектар жерге курулган.

 -Жетиген айылы - 75 гектар жерге курулган.

- Падыша-Ата сай - 5 гектар жерди ээлеп турат.

- Кара -Дөбө - 45 гектар жерге салынган.

-Ала-Букада Ажек-Тоо айылы -1307 гектар жерге курулган.

Кыскасы жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге чек арага чектеш жерлеринен беришиптир.

300 гектардан ашыгыраак жер бүгүнкү күнгө чейин алынбай келиптир. Ал 300 гектар жердин ордуна бүгүн 1000 гектар жер алып жатыптырбыз. 500 га Өзгөнгө тийиптир, 500 га Сузак районуна тийиптир.

Андан тышкары 31 жылдан бери талаш болуп келе жаткан жерлердин баары бизге өтүптүр. Унгар-Тоо бизге өтүптүр.

Туура, өзгөндүктөр ыйлагандай бар. Анткени, Өзгөн районуна жер берилген эмес экен. Бирок биз бир мамлекетпиз да. "Жердин баары Өзгөнгө тийиш керек болчу" деген реалдуу эмес. Эки жакта тең эл жыш. Кыргызстандын ар бир чарчы жери баарыбыздыкы.

Каршы чыккандар "суу басып жаткан жер суу кургап кетсе бизге өтсүн" деп да жатат. Суу 70 жылдан бери жатат. Дагы 70 жыл суу баскан бойдон жата берет. Кокус кургап кете турган болсо, Кемпир-Абад гана эмес, бүт Анжиян бошойт да. Суу жок жамгыр күтүп жашамак беле.

Кемпир-Абад соолубасын. Эгер соолуп калса таш, кум баскан жерди өзбек эмне кылмак эле? 4000 миң гектар жерди башка жактан берели, бул жерди бизге таштагыла десең айланайын деп макул болот. Суу кургап кеткенге чейин 4000 гектар суулуу жерди биз кыргыздар иштетип пайдасын алып туралы.