Ошто 15 жаштагы кызды ала качып баратканда кармалган 4 жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандардын баш коргоо чарасын Ош шаардык соту карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
18-октябрда Ош шаарында болжол менен саат 22:00дө 15 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалган. Аталган факты боюнча 197-берененин ("никеге туруу үчүн ала качуу") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.