Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна депутат Улан Примовдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 70 депутат колдоп, Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Эске салсак, Чыңгыз Айдарбековду комитет жетекчилигинен алуу чечимин беш фракция кабыл алып, аны депутаттардын көпчүлүк бөлүгү колдогон.