Депутат Шайлообек Атазов Жалал-Абадда инвесторлордон акча талап кылган кылмыштуу топ пайда болгонун айткан. "Мындай мыйзамсыз аракеттерге облустук милиция кайдыгер карап жатат, тийиштүү иш алып барышкан жок", - деген депутат. 

Жалал-Абад ОИИБи эл өкүлүнүн бул билдирүүсүн четке какты. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаевдин айтымында, жыл башынан бери бул жаатта бир гана кылмыш иши катталган. 

"Депутаттын айтканы негизсиз. Бизде 10 айда инвесторлордон акча талап кылуу боюнча бир гана кылмыш иши катталган. Кылмышкер кармалып, учурда ал боюнча сот процесси жүрүп жатат", - деди Тагаев.