Учурда Өзбекстан менен келишимге кол коюп жатканыбыз эң жакшы нерсе болду. Бул тууралуу саясий баяндамачы Александр Ильяев "Астана саммитинин жыйынтыгы. Аймактык интеграциялык процесстердеги Кыргызстандын ролу" аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
"Ушундай болуп калды, биздин бардык "ура-патриоттор" англо-саксондук гранттар менен оокат кылышат. Азыр Кемпир-Абад маселесин көтөрүп чыгуунун зарылчылдыгы бар беле? Мен өкмөттү колдогондордон эмесмин, бирок азыр Өзбекстан менен келишимге кол коюп жатканыбыз жакшы нерсе болду. Бул маселе 1965-жылы эле көтөрүлгөн. Мен партиянын Өзгөн райондук комитетинин биринчи катчысы Вагинур Талипов менен баарлашкам. Ал киши мага айтты: "Плотинаны ушинтип курууну Москвадагы советтик бийлик чечкен", - деп. Ошондуктан, стратегиялык жактан суу Өзбекстанга тийиштүү. Плотина кимде болсо, сууга ачкыч да ошонун колунда. Азыр жаңы келишим аркылуу биз Өзбекстан менен коңшулук жылуу мамилеге келе алабыз. Бул маселени татаалдаштыруунун кереги барбы? Анын үстүнө Кыргызстан - Кытай-Өзбекстан темир жолу курулуу алдында турганда. Мен бул келишимди колдойм", - деди Александр Ильяев.