Кымбаттуу кыргыз журтум! Баткен облусунда кырсык катталып, баатыр балдарыбыз, бейкүнөө мекендештерибиз шейит кетти. Жакындарынан, балдарынан ажыраган ата-энелердин баарына көңүл айтам. Сиздердин балдарыңыздар Ата Мекенди коргоп, баатырларча курман болду. Алар эч качан унутулбайт. Биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталып, түбөлүккө жашай берет. Айтайын дегеним, ошол кандуу алаамат болуп жаткан кезде кээ бир мекендештерибиз “андай кылыш керек, мындай кылыш керек” деп акылга сыйбаган пикирлерди айтып жатты. Эл ичин дүрбөтүп, туура эмес маалыматтарды таратып, айрымдары тескери үгүт жүргүзгөн учурларын көрдүк. Анда ток этер жерлерине токтоло кетейин.
Карасанатайлык менен мамлекетибизге бүлүк салган душмандар Баткен жеринин бир бөлүгүн ээлеп алабыз деген максатта болгонун баарыбыз эле жакшы түшүнүп калдык. Бактыга жараша, мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыраакылык жасап, окуянын жыйынтыгын оң жакка бурушту. Экөөнүн аткарган иши, кызматы ат көтөргүс болгонун жалпыбыз көрдүк, бул чындык. Алаамат башталгандан тарта Камчыбек Ташиев өзгөчө эр жүрөктүгүн көрсөтүп, душмандын мизин кайтарып, жерибизди тартып алабыз деген тилегин таш каптырды. Чыныгы баатырлыгын тастыктады. Арийне, ушул жерде кур кыйкырык салган, элди бөлөк нукка бурган, эптеп бийликке жетсем деген ички душмандар бар экени да ачык билинди. Эл оозунда айтылган, “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” деген макал жөн жерден чыкпаптыр. Кээ бир депутаттар сагызгандай сайрады го чиркин. Ошолорго суроо салгым келет, эгерде силер өзүңөрдү ушундай акылдуу, кыйынмын деп эсептесеңер, эмнеге согуш болуп, асмандан ок жаап жаткан маалда Ташиевдин жанына барган жоксуңар? Баткенге барып, мурунку жетекчилердин учурунда ката кеткенин айтып, чек араны бөлгөн маалдагы кемчиликти эми оңдойлу десеңер болбойт беле?
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери беш жетекчи алмашты. Ошол кезде кыйкырык салгандардын бири, Мадумаров да чоң кызматтарда жүргөн. Эмне үчүн ошол учурда оңдогон жок? Эгер тээ башында, Акаев кезинде чек ара чечилгенде, бул кырсыктар болмок эмес. Тескерисинче, Акаев Аксы трагедиясына себепчи болуп, колу канга малынды. Канча кишинин убал-сообунан коркпой атып салып, акыры качып кутулду. Башкасы бирде бийликке, бирде оппозицияга секирип, элдин тагдыры менен ойноп келе жатышат. Ошол мезгилде кур кыйкырык салып, элди октун алдына айдап бергендер азыр күнөөсүн мойнуна албай жүрүшөт. Ошолор азыр кайра от менен ойноп башташты. Демократия деген кур сөздөргө жамынышып, сагызгандай шакылдап сайрап жатышат. Кыргыздын чыгаан, мекенчил уулу Апсамат Масалиев абдан мыкты иштеп жатканда дагы так ушундай демократия деген обон созулуп, куру кыйкырык салгандар Акаевди алып келишкен. Ал баарыбызды аңга салды. Эгер Апсамат Масалиев өзү иштеп турганда азыркыдай талоончулукка, уурулукка жол бермек эмес. Демократтар завод, фабрикаларды талкалап, андагы баалуу буюмдарды темир катары сатып, мамлекеттик мүлктөрдү жок кылды. Туура эмес саясаттын, кур кыйкырыктын жыйынтыгында мамлекет талкаланып, эл жакыр болду.
Керт башынын жана үй-бүлөсүнүн гана камын ойлогон президенттер өз кезегинде Баткен облусун түк ойлогон эмес. Азыркы чыр-чатактуу абалга келишине ошолор күнөөлүү. Дагы бир жолу кайталайм, эгер Масалиев болгондо мындай кемчиликке такыр жол бермек эмес. Карапайым эл азабын тартпайт эле. Анан быйыл жаз мегилинде Акаевдин күнөөсү жок, таптаза экен дешти. Чүй боорунда жашаган элдин көбүнүн күйбөгөн жери күл болду. Кыргызды итке миңгизип, байлыгын тоноп, Аксыдагы элди атып кеткен неменин кантип кыпындай күнөөсү жок болсун? Аны 30 жылга камаса да аздык кылмак. Мына ушундай элдин намысына тийчү иштерге бийлик кылдат мамиле кылуу кажет. Анан эми майда нерсеге көңүл бөлбөй, жалпы жонунан караганда, азыркы бийликтин иши дурус. Азыр Камчы Ташиевге асылгандар көбөйүптүр, бул болбогон жорук. Чынын айтыш керек, Ташиев кызматка келгенден тарта жемкорлордун алкымына кылкандай сайылды. Казынага өтө чоң суммадагы уурдалган, кымырылган акчаларды төктүрдү, жегичтердин бир далайын кустуруп, олчойгон мамлекеттин байлыгын кайтарды. Мен жеке өзүм күбөмүн, бул иши үчүн Чүй боорундагы элдин көпчүлүк бөлүгү “көп жаша Камчы” деп бата беришүүдө. Ал эми Баткендеги эрдиги ат көтөргүс экенин элдин баары көрдү. Муну жаап жашырбай, ачык айтып коюу ар бирибиздин милдетибиз. Камчыбек Ташиевге мен чын дилден ишенип калдым, ушул мүнөзүңдөн артка кайтпагын. Ар качан дал азыркыдай калыс болуп, душмандарга болгон аесуз күрөшүңдү талыкпастан жүргүзө бер. Президентибиз Садыр Жапаров экөөңөр ак жүрөк, накта кыргыздын жигитисиңер. Көпчүлүк эл силерди колдойт.
Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин, түрмөдө жаткан Атамбаевдин камалышына силердин кыпындай күнөөңөр жок. Ал өзүн өзү камады. Эл сыйлап, төбөсүнө чыгарды эле, тилекке каршы, тексиздигин көрсөттү. Аны чүйлүктөр колдобойт. Ал эми Садыр Жапаров келгенден бери кыска убакыт болсо да көзгө толумдуу иштер башталганын баарыбыз көрүп жатабыз. Баардык тармактарда айлык акылар көтөрүлдү. Пенсия, жөлөк пул кошулду. Кумтөрдү элге кайтты. Дыйкандарга бөлүп көрбөгөндөй жардамдар берилди. Жер салыгын алып салды. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Соода тармагы жөнгө салынууда. Канча мектеп салдырды. Жолдор оңдолуп жатат.
Кыргызстандын бардык тармагында тартип орноп, ордуна келип жатат. Кадр маселеси эң жакшы нукта чечилүүдө. Мисал катары айтсак, Башкы прокурор Курманкул Зулушов Кыргызстандын ар бир районунда болуп, элдин үнүн угуп, чечилбеген маселелерин чечти. Мына ушинтип иштесе болот экен го. Жалпы эл ыраазы болуп, рахмат айтып, өркүнүң өссүн деп жатканына барыбыз күбөбүз. Буга чейин прокуратура мындай ишти кылчу эмес. Жакында Жайыл районуна жаңы прокурор дайындады эле, ал өз ишин мыкты билген, абдан зирек жигит экен. Мына ушундай кадрлар менен бийлик алдыга өсөт деген ишеним чоң. Кыскасы, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Курманкул Зулушевге элдин ишеним чоң.
Жекшен Уманов, Кара-Балта шаары