Кечээ, 20-октябрда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, блогер жана журналисттер менен жолугушту. Бул жыйындан кийинки пикирин саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына жарыялады:
- 5,5-6 саат созулду чогулуш... Кемпир -Абад боюнча келишимге каршы дегендердин 4-5 аргументи бар экен.
1. Өзбектер алдап кетет, алар кыйын соодагер.
2. 1965- жылы Кыргызстанга 4000 га жерден ашык жер Кемпир- Абаддын суу алдында калган жерине алмашуу иретинде берилген эмес. Ал - компенсация жерлери.
3. Бул келишим күчүнө расмий киргендин эртеси Өзбекстан суу сактагычтын жээгин тосо баштайт, ал жакка эс алуу аймагын курат.
4. Кемпир -Абад салынаардан мурда кол коюлган келишимдин талаптарын аткарбаган өзбектер эми бул келишимди аткармак беле.
5. Кыргызстан алып жаткан кошумча 15700 гектар жер өзбектин жери эмес, кыргыздын эле жерин кайра алып атабыз.
Бийликтин аргументтери кыскача: Кемпир - Абадды чечмейинче чекара толук чечилбейт, өзбек тарап суунун жээгин тоспойт, сууга түшүү, балык кармоо, кайык менен жүрүү мүмкүнчүлүгү мыйзамдын атайын бир беренеси менен бекемделет. 4000 гектар жерден ашык жер Өзбекстандан Кыргызстанга 1965- жылы өткөн, калган өтпөй калган 350 гектар жер үчүн биз Өзбекстандан 12 700 гектар жер алабыз. Буга чейин талаш болуп келген дагы 3000 гектар жер дагы толугу менен Кыргызстандын пайдасына чечилет. Суу сактагычтын деңгээлин 900гө түшүрүп, андан ашырбай кармап туруунун арты менен суунун боюнда 1246 гектар жер жергиликтүү дыйкандардын үлүшүнө өтөт. Суу сактагыч бүгүнкү күндө толугу менен тэк гана өзбек тарап тейлеп келсе, эми биргелешип 50\50 принцибинде башкаруу болот ж.б.у.с.
Купуя болуп кармачу дагы бир 3-4 пункттар бар экен, ал эми купуя болуп калсын...
Жолугушуу абдан ачык маанайда өттү. Ачуу сөздөр да айтылды, эмоциялар да болбой койгон жок, күлкүлүү сөздөр да чыгып кетип атты. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев катуу сөздөргө да чыдап, бир эле суроо 5-6 жолу берилсе да, тажабай түшүндүрүп отурушту.
Тыянак:
1. Жогорку Кеңешке ратификацияга келишим келгенде курулай божомолдорго, такталбаган тарыхий имиштерге таянбай, бул маселенин 55 жылдык тарыхындагы так документтерге таянып чечим чыгарыш керек.
2. Суу сактагыч курулганда жапа чекккен Өзгөн районундагы 5-6 айылга кандайдыр бир жакшы формада жана деңгээлде чыныгы компенсация берилиш керек экен деп койдум. Акчалайбы, салык жеңилдиктериби же башка формадабы. Себеби, жерлерин жоготкон өзгөндүктөр болсо, кошумча жерге 1965- жылы жана бул келишим боюнча да ээ болгон башка райондун тургундары экен.
3. Суу сактагычты биргелешип тейлеген комиссия суунун деңгээлин 900дөн көтөрбөй, колдон келсе, керек болсо 850-860 менен кармап туруш керек экен деп койдум. Себеби, суу сактагычтын айынан бир топ жээктеги жерлер сазга айланып, айдоого жараксыз болуп калыптыр. Суунун деңгээли канчалык азыраак болсо, сазга айланган жерлер азайып, дыйкандар кошумча жерлерди өздөштүрүп тургудай.
4. Плотинадан түшкөн сууну кыргыз айылына жеткирүү каналдарын сала башташ керек экен. Ошондо сууну пайдаланууну жок дегенде 40% бизге, 60% өзбек тарапка кетишин камсыз кылсак ,чоң ийгилик болоор эле.
5. Кошуналарга ушунчалык эле ишенбесек, анда суу сактагычтан өйдө, биздин территорияга терең кирген аймактардан башка майда суу сактагычтарды салуу, каналдар аркылуу суунун нугун буруу маселелерди да эмитен пландап- чуктап коюш керек экенбиз. Не бар, не жок...
Менимче, Жогорку Кеңеште кызуу талкуу болот. Акырында, ратификациядан бул келишим ийгиликтүү өтөт деп божомолдоп туралы. Себеби, эмоцияга эмес документтерге таяныш керек болот. Калганын Жогорку Кеңештен көрө жатаарбыз эми...