Өзүм колдоп келген азыркы элдик бийликке да кээде таң калып кетем. Адамдын уругу куруп калгансып, Ак үйдүн алдындагы "вечный караулдары" болгон, бетин чала жууган батышчылдарды эмне үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат дейм да. Ушулардын ой-пикири, акылы, кылган иши кимге керек да, кимди кызыктырат? Мен буларды үй-жайы, бала-чакасы, "семейный очагы" жок көчө селсаяктарына окшото берем.
Эгер эле капысынан буларда бала-чака бар болсо, ошол байкуштарга чын дилимден боорум ооруйт. Себеби, эне мээримин көрбөгөн, апасынын колунан ысык нан, жылуу тамак жебеген, жатаарда жомок "сабак жасадыңбы?" деген баланын келечегине күйүп айткан эне үнүн укпаган бала байкушка ичиң ачышат да.
Кудайдын жараткан күнү эрте менен таң аткандан, кечке шам батканча көчөдө жүргөн эне балдарына мээримин төгөт деген сөзгө жиндилер деле ишенбейт.
Батыштын акчасына балдарынын келечегин алмаштырган энелерди эне деп айтып болобу?
Уялбастан "Ташиев мени өңүң да, ичиң да кара экен деди", - деп, тимеле чоң жетишкендикке чыгып баргансып жыртаңдайт. Өңүңдүн карасы эч нерсе эмес. Ичиңдин карасы, кандайча жол менен балдарыңа нан таап жегизип жатканың, элдин назарынан калып канча каргыш укканың, жүрүш-турушуң, эң башкысы: жети миллион элди назарыңа илбей көчө катын болуп жүргөнүң жийиркеничтүү деп айтат элем, ушул аял бет алдыман чыгып калса.
Шамурза Борукулов, журналист