Фейсбукта Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков тууралуу пост жарыяланды. Андагы айтылгандарга таянсак, Айдарбековдун таятасынын фамилиясына жазылып калуусунун себеби бар. 

- Дипломаттар аны жакшы билет, мурда Түркмөнстанда иштеп жүрүп дипномер салынган унаасы менен контрабанда ташып кармалган. Эки жолу колго түшүп “нон грат” менен айдалган. Дипломаттар үчүн бул абдан уят, адам бетин карай албай турган баа. 

Тышкы иштер министрлигине жолой албай калгандан кийин, фамилиясын өзгөртүп, Жогорку Кеңештин “тышкы саясат” бөлүмүнө келип, кийин министр болду. “Нон грат” алган Чингиз Эгембердиев фамилиясын булгап салгандан кийин, чоң-чоң таяталары болуп кеткен Иманалы Айдарбековдун фамилиясын алат.  Кыргызда качан эле апасы тараптын фамилиясын алчу эле, бул дагы бир осол иш. Чингиздин ата журту бул кылыгына кыжыры келсе керек.

Акыркы күндөрү ушул депутат тууралуу сөз болуп жатат. Курулай популизм, пустой барабан экенин көрсөттү. Комитет көпчүлүгү колдогон чечимге кол койбойм деп чыкты. Бул туура эмес экенин, керек болсо Дастан Бекешов дагы айтып чыкты.

“Айдарбековдун позициясын сыйлайм, бирок комитет жактырган чечимге төрага катары кол коюшу керек. Өзү каршы болсо, каршы экенин белгилеп кол койсун”, - деди.

Дипломаттар арасында репутациясы бузулган, эми Жогорку Кеңеште популист атка конгон Эгембердиев/Айдарбековду акыл эстүү коомчулук кабыл албайт. Кыйкырып жаткан караламанга жагышы мүмкүн, себеби популисттер бааланып жатпайбы.

Журналисттер Айдарбековдон сурап койсоңор, “эмнеге нон грат берилди эле?”-деп.