Печать
Категория: Коом
Просмотров: 114

Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү”, “Автомобиль транспорту жөнүндөгү”, “Билим берүү жөнүндөгү” жана “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев айдоочуларды кайрадан сынактан өткөрүүгө байланышкан сунуш коррупцияга жол ачарын белгилеп, бул жаатта мыйзамсыз иштер көп экенине токтолду. Муну менен катар жарандык көзөмөлдү киргизүү зарылчылыгын айткан эл өкүлү: “Жол эрежесин бузгандарды жарандар өзү тасмага тартуу менен тийиштүү мекемелерге берип, салынуучу айыптан түшкөн акчанын 10%ын алса туура болмок. Бул “Коопсуз шаар” долбоорунан да жакшы жыйынтык көрсөтмөк”, – деди.  

Ал эми депутат Айбек Маткеримов жол эрежеси кайсы түрү боюнча эң көп мыйзам бузуу катталып жатканына кызыкты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 70-80% жол кырсыктарына адамдык фактор, жол эрежесин билбегендик себеп болорун белгиледи.

Ошондой эле депутат Жалолидин Нурбаев мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратуу зарылчылыгын келтирип, түнкүсүн унаасынын үнүн катуу чыгарып айдап, элдин тынчтыгын бузгандарды чектөөгө чакырды.

Андан тышкары депутат Нуржигит Кадырбеков: “Жолдо жүрүп бара жатып, атайын унаасын токтотуп, түкүргөндөргө жаза барбы?” – деп сурады.

Ички иштер министринин өкүлү жаза бар экенин белгилеп: “Анда жорук жасагандарга 1000 сом айып пул салынарын маалымдады. Муну менен катар депутат Шайлообек Атазовдун “2021-жылы канча адам жол кырсыгынан каза болду?” – деген суроосуна өткөн жылы 868 адам каза болду деп жооп берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.