Маалымат каражаттардын бири бир катар коомдук жана маданий ишмерлердин, жарандык активисттердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тууралуу макала жарыялады. Анда кайрылууга кол койгон адамдардын айрымдарына байланышып, “менин бул тууралуу кабарым жок”, демек, “кол койгон эмесмин” өңүтүндөгү маеги берилген. Бирок алар сайт пикирлерин бурмалап бергенин билдиришүүдө.
Эске салсак, кайрылууда "Азаттык", "Клооп" жана "Кактус" маалымат каражаттары Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп жатканы үчүн ишмердүүлүгүн токтотуу демилгеси көтөрүлгөн.
Маалымат каражаты кайрылууга кол койгон коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаевдин "Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин" деп берген жообун чыгарды.
Бирок Шүкүрбек Эркебаев мындай билдирүүнү четке какты. Айтымында, журналисттердин бири байланышка чыгып, кайрылуу тууралуу сураган. Ошол убакта коомдук ишмер кайрылууга оозеки макулдугун берип, бирок кол кое элек болгондуктан, "кол кое элекмин", - деген.
"Мен негизинен сырттан каржыланган, Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын коргобогон, ар дайым элибизге бузуку маалыматтарды тараткан, сөз эркиндигин башка кызыкчылыкка колдонгон маалымат каражаттары жабылсын деп келем. Кайрылууга кошулуп калганым тууралуу айтсам, тааныш адам телефон чалып, маселенин мазмунун айтып, "кандай ойлойсуз?" - деп калды. Мен ага кайрылууга аты-жөнүмдү жазууга уруксат берип, ал эми колду жолукканда коюп берээримди айттым. Анткени, ал учурда шаарда эмес болчумун. Ошону менен ал сүйлөшүүнү унутуп калыптырмын, бир күнү кайсы бир басылмадан журналист чалган экен, кайсы кайрылуу тууралуу сурап жатканын түшүнбөй калдым. Кыска эле кол кое элекмин деп жооп бердим. Учурда кайрылууга кол койдум, мен аны колдойм", - деди Шүкүрбек Эркебаев.
Ал эми Төрөбай Колубаев: "Кандай кат? Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин. Мен үчүн бирөө кол койгон окшойт. Көз карандысыз ММКларды жабууга болмок беле? Оппозициялык көз карашты карманышканы үчүнбү? Бул туура эмес, уят. Конституцияда жана мыйзамдарда мындай жок. Мындай аракеттер резонансты пайда кылат жана ал тышкы саясатта бизге аброй алып келбейт. Эгер сен публиканын адамы болсоң, анда баарына чыдашың керек. Мамлекет жана элге камкордук көрүүнү убалаган адам мындай кадамга барбашы керек, ал сынды көтөрө билсин, эски убактагыдай журналисттердин колун кайрыбасын. А менин колумду койгон адамды сотко берем жана резонанс жаратам. Көз боемочулар!" - деп айткан.
Төрөбай Колубаев дагы андагы пикирин жокко чыгарды. Айтымында, ал сайт коомдук ишмердин мурдагы бийлик тушунда берген маектерин пайдаланган.
"Мага журналисттердин бири кайрылуу тууралуу сурап, байланышты. Чынында, ал убакта кайрылуу тууралуу кабарым жок болчу. Ошондуктан, кабарым жок дедим. Кайрылуунун текстин жөнөткөнүнөн карасам, мен тааныган көп адамдар бар экен. Кийин алар менен жолугуп, биз убагында Атамбаевдик бийликтин куугунтугуна кабылганда, аталган маалымат каражаттары шылдыңдап, бийликти колдоп туруп алышканын эстеп, кол коюп бердик. Ал эми көз карандысыз маалымат каражаттары тууралуу айтканым - Атамбаевдин бийлик тушунда басылмаларга чыккан пикирим. Эски пикирди азыркы бийликке карата айтып жаткансып кошуп коюшуптур. Бизди Атамбаев чындыкты айтканыбыз үчүн 14 жылга эркибизден ажыраткан. Ошол убакта "Азаттык" Атамбаевди колдоп, бизди эл душманындай көрсөтүүгө аракеттенген. Жакында бул боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, кайрылуу тууралуу ачыктайлы деп жатабыз. Анда биз маалымат каражаттары жабылсын дебейбиз, болгону "Азаттык" боюнча канча жылдык фактыларды жарыялайбыз. Ар кандай окуя учурунда Кыргызстандын кызыкчылыгына канчалык деңгээлде каршы иштегендерин факты менен айтып беребиз. Андан кийин жыйынтыкты коомчулук өзү чыгарсын", - деди Төрөбай Колубаев.
Коомдук ишмер Кумарбек Мейманкулов бул тууралуу эч нерсе билбегенин айткан.
“Биз бир тойдо журналист Нургазы Анаркулов менен чогуу отуруп калдык. Анан ал “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” жабыла турганын айтты. Мен ага андай болушу мумкун эмес дедим. Ал кайрылууга кол коюп бере алаарымды сурады эле, мен кол коюп берем дедим. Мен кайрылуунун текстин көргөн жокмун жана ал мага көрсөтпөдү. Көп адам, анын ичинде досторум мага телефон чалып, айыпташты. Экөөбүз талашып жатканда кол коюп берем деп айтканым чын. Бирок эч нерсеге кол койгон жокмун”, - деген Мейманкулов.
Кумарбек Мейманкулов кайра бул айткандарын артка алды. Белгилегендей, ал такыр башка нерсени айткан, ал эми ал сайт пикирин бурмалап чыгарган.
“Буга чейин деле аталган үч маалымат каражатынын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай, каршы чыккан пикирлер коомчулукта бар болчу. Андан кийин митингдер да болду. Тойдо Нургазы Анаркулов экөөбүз ошол боюнча талкуулаганбыз. Коомдо жашап туруп, андагы окуяларды талкуулабай четте кала албайбыз. Биздин талкуу жөн гана жаңылыктарды айтышуунун чегинде болгон. Өлкөнүн ар бир жараны, ал кайсы тармактын өкүлү болбосун мекендин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшу керек деп ойлойм. Кыргызстанда жашап, бирок анын мыйзамына, салтына, үрп-адатына каршы чыгып, батыштын терс жоруктарын акырындан сиңирүүгө аракеттенгендер ишин токтотушу керек деп ойлойм. Анткени, биз биринчи кезекте өсүп келе жаткан муунду, балдарыбызды ойлошубуз керек. Алардын туура калыптануусу үчүн туура ой жүгүртүп, улуттун менталитетине ылайык иш алып барган маалымат каражаттары керек. Ошондуктан, жалпы жонунан кайрылууну колдойм”, - деди Кумарбек Мейманкулов.
Экс-депутат Равшан Сабировдун пикирин ММК төмөнкүдөй чагылдырган: ”Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Эч нерсеге кол койгон эмесмин”.
Экс-депутат басылманын журналисти байланышкан чыккан учурда ооруп жатканын, суроонун төркүнүн жеткиликтүү түшүнө албаганын билдирди.
“Бүгүнкү бийлик, Министрлер Кабинети мамлекетти алдыга жылдырууда көп жакшы иштерди жасап жатат. Бирок айрым маалымат каражаттары провокациялык материалдары менен болуп жаткан жакшы иштерге тескери фон беришүүдө. Ошондуктан, мен алардын ишмердүүлүгүнө каршымын, кайрылууну колдойм”, - деди Равшан Сабиров.