Булак.kg”сайты бир катар коомдук жана маданий ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тууралуу макала жарыялады. Анда кайрылууга кол койгон адамдардын айрымдарына кайрылышып, “менин бул тууралуу кабарым жок”, демек, “кол койгон эмесмин” өңүтүндөгү маеги берилген.

Эске салсак, кайрылууда "Азаттык", "Клооп" жана "Кактус" маалымат каражаттары Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп жатканы үчүн ишмердүүлүгүн токтотуу демилгеси көтөрүлгөн. 

Аталган сайт кайрылууга кол койгон коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаевдин "Политклиника" басылмасына  "Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин" деп берген жообун чыгарды.

Бирок Шүкүрбек Эркебаев мындай билдирүүнү четке какты. Айтымында, журналисттердин бири байланышка чыгып, кайрылуу тууралуу сураган. Ошол убакта коомдук ишмер кайрылууга оозеки макулдугун берип, бирок кол кое элек болгондуктан, "кол кое элекмин", - деген. 

"Мен негизинен сырттан каржыланган, Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын коргобогон, ар дайым элибизге бузуку маалыматтарды тараткан, сөз эркиндигин башка кызыкчылыкка колдонгон маалымат каражаттары жабылсын деп келем. Кайрылууга кошулуп калганым тууралуу айтсам, тааныш адам телефон чалып, маселенин мазмунун айтып, "кандай ойлойсуз?" - деп калды. Мен ага кайрылууга аты-жөнүмдү жазууга уруксат берип, ал эми колду жолукканда коюп берээримди айттым. Анткени, ал учурда шаарда эмес болчумун. Ошону менен ал сүйлөшүүнү унутуп калыптырмын, бир күнү кайсы бир басылмадан журналист чалган экен, кайсы кайрылуу тууралуу сурап жатканын түшүнбөй калдым. Кыска эле кол кое элекмин деп жооп бердим. Учурда кайрылууга кол койдум, мен аны колдойм", - деди Шүкүрбек Эркебаев.