- Калдарбек ага, "Кемпир-Абад" курулганы эле өзбектер ээлик кылат, ошол мезгилде эле өзбектерге берилген деген сөздүн чындыгы барбы?

- Иштин башы тээ 1962-жылга барып такалат. Пахтага суу жетпей жатат деген шылтоо менен өзбек лидери Рашидов Москвадагы үлкөндөргө жакшылап райис чайынан куйуп берип  туруп, мына ушул суу сактагычтын курулушун МАМпланга киргизе алган. Биздин лидер Усубалиев Саясий бюронун мүчөсү же талапкери да болбогондуктан, алаканын жайып отуруп берген. Кыңк-мыңк этсе эле жумушунан ыргытып ийишмек. Кызмат жакыныраак болгону айдан ачык. Толгон - токой жолу  сөз чыгып, Усубалиевдин дарегине котур таштар ыргытылган. Бирок кайран киши “все по плану” деп ар кандай шылтоолорду айтып, көзү өтүп кетти. Бирок ташпиш кала берди да.

Ооба, 1973-жылы суу сактагыч курулуп бүткөндөн кийин, ага чейин деле, башкарууну өзбек тарап колго алган. Ошолордун тыйынына плотина курулган, эки ГЭС салынган. Суунун алдында калып кеткен 5-6 кыргыз айылдары көчүрүлүп, Айгыр-Жал, Кызыл –Октябрь айылдарына кошулган. Присавай, Савай жакка кетүүчү чоң каналды салабыз деп  бирок, канал салабыз деген убаданы аткарышкан эмес. Сол жээкке салынуучу каналды унутушуп, Сох суу сактагычы тууралуу эсинен да чыгарып ийишкен. бүгүнкүгө чейин эч ким так эчтемкени билбейт. Сүйлөгөнөдөр  канчалык билемин дегени менен анык эмес. Божомолдун айланасындагы эле кептер. Суу сактагычтын алдындагы жер биздики. 4400 гектар. Ошого жетип -жетпеген жерлерди беришкен дешет. Мүмкүн. Бирок бүгүн суу жээгине келип эс алуу, мал сугаруу, балык тутуу жана башка иштерди кылуу мүмкүн эместигин айта кетели. Суу сактагычтын Ана-Кызыл айылы же Ош-Бишкек жолунун бойундагы жээги дээрлик өзбек тарапка өтүп кеткендей.
 Өзбек тараптагы блогерлер ушул бүгүнкү абал кала берсин, кыргыздардын курултайы жакшы чечим чыгарышты деп кудуңдап жатышат. Чын эле ошондойбу. Бирок курултайды жер биздики, кала берсе Хан-Абад, башкасы да биздики деп айтышпадыбы. Кимиси чын да, кимиси калпты айтып жатат? Эч ким билбейт.