Печать
Категория: Коом
Просмотров: 478

Жакында коомдук ишмерлердин, жарандык активисттердин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу соцтармактарга жарыяланган. Анда алар Кыргызстандагы үч маалымат каражаттарын - "Азаттык", "Клооп" жана "Кактус медианы" жабууну талап кылышкан. Алардын пикиринде, аталган маалымат каражаттары Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштейт жана Батыштан каржыланат. 

Бирок кайрылууга удаа "Булак.kg" сайты кол койгондордун тизмесиндеги коомдук ишмерлердин пикирин чыгарышты. Алардын бири - Төрөбай Колубаев: "Кандай кат? Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин. Мен үчүн бирөө кол койгон окшойт. Көз карандысыз ММКларды жабууга болмок беле? Оппозициялык көз карашты карманышканы үчүнбү? Бул туура эмес, уят. Конституцияда жана мыйзамдарда мындай жок. Мындай аракеттер резонансты пайда кылат жана ал тышкы саясатта бизге аброй алып келбейт. Эгер сен публиканын адамы болсоң, анда баарына чыдашың керек. Мамлекет жана элге камкордук көрүүнү убалаган адам мындай кадамга барбашы керек, ал сынды көтөрө билсин, эски убактагыдай журналисттердин колун кайрыбасын. А менин колумду койгон адамды сотко берем жана резонанс жаратам. Көз боемочулар!" - деп айткан. 

Бирок Төрөбай Колубаев биздин сайтка андагы пикирин жокко чыгарды. Айтымында, аталган сайт коомдук ишмердин мурдагы бийлик тушунда берген маектерин пайдаланган. 

"Мага журналисттердин бири кайрылуу тууралуу сурап, байланышты. Чынында, ал убакта кайрылуу тууралуу кабарым жок болчу. Ошондуктан, кабарым жок дедим. Кайрылуунун текстин жөнөткөнүнөн карасам, мен тааныган көп адамдар бар экен. Кийин алар менен жолугуп, биз убагында Атамбаевдик бийликтин куугунтугуна кабылганда, аталган маалымат каражаттары шылдыңдап, бийликти колдоп туруп алышканын эстеп, кол коюп бердик. Ал эми көз карандысыз маалымат каражаттары тууралуу айтканым - Атамбаевдин бийлик тушунда басылмаларга чыккан пикирим. Эски пикирди азыркы бийликке карата айтып жаткансып кошуп коюшуптур. Бизди Атамбаев чындыкты айтканыбыз үчүн 14 жылга эркибизден ажыраткан. Ошол убакта "Азаттык" Атамбаевди колдоп, бизди эл душманындай көрсөтүүгө аракеттенген. Жакында бул боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, кайрылуу тууралуу ачыктайлы деп жатабыз. Анда биз маалымат каражаттары жабылсын дебейбиз, болгону "Азаттык" боюнча канча жылдык фактыларды жарыялайбыз. Ар кандай окуя учурунда Кыргызстандын кызыкчылыгына канчалык деңгээлде каршы иштегендерин факты менен айтып беребиз. Андан кийин жыйынтыкты коомчулук өзү чыгарсын", - деди Төрөбай Колубаев.