Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Укук коргоочу, Консолидация жана Диалог кыймылынын (КДК) төрагасы, “Келечекке Жол” мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун Консолидация жана Диалог кыймылынын (КДК) чек ара маселелери боюнча кайрылуу жолдоду. 

"Азыркы Өзбекстан жана Тажикстан менен болуп жаткан чек арадагы тагдыр чечүүчү абалды эске алуу менен жакынкы аралыкта Президент башында турган бийлик менен өлкөдөгү улуттук, оппозициялык, коомдук-саясий күчтөр, граждандык коом жана башка кызыккан тараптардын ортосунда улуттук диалог өткөрүү сунуш кылынат.

Өз ара сүйлөшүүгө жана макулдашылган мунасага келмейинче бир да сантиметр жерди башка өлкөгө берүү жана алмашуу өтө опурталдуу жана кооптуу жагдайларды түзүп, элдин кезектеги толкундоосуна алып келиши толук мүмкүн.

Чек ара маселеси сүйлөшүү (диалог) жолу менен гана чечилип, өлкөдөгү бардык күчтөрдүн чек ара көйгөйү боюнча биригүүсүнө (консолидация) алып келиши керек. Башка альтернатива жок.

Мурдагы бийликтин кетирген одоно каталарынан азыркы бийлик сабак алып, аларды кайталабоого аракет кылышы - учурдун талабы.

Азыр кандайдыр бир ички териштирүүнү жана өз ара күнөө койууну токтотуп, улуттук консолидацияга келишибиз керек.

Өлкөбүз бирөө жана ал коркунучта", - деп жазылган кайрылууда.