Бишкек шаардык соту ырчы Роза Аманованын арызы менен Токтогул районунун жашоочулары, эне - бала Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов камакка алынганын билдиришкен. 

Аталган соттун маалыматына караганда, Роза Амановадан Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов аттуу жарандардын үстүнөн "алдамчылык" (209-берененин 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту) беренеси менен боюнча арыз түшкөн. 14-октябрда соттун чечими менен Бактыгүл Сейитбекова жана Кубаныч Кылданов 2 айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 

Бактыгүл Сейитбекова акын, ал эми анын уулу Алихан деген каймана ысым менен белгилүү ырчы. Сейитбекова менен Аманова Токтогулдагы мал базарды талашканы буга чейин жазылган. Айрым маалыматтарга караганда, Аманова аны убагында Сейитбековага карызына чегерип берип, кайра эми өзүнө кайтарып алууга аракеттенип жатат.