Кыргызстандын 47 миң жараны Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын 47 миң жаранын миграциялык амнистиялоо чечими кабыл алынган.

Ниязалиев  Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келгенин белгиледи.

“Бул маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, - деди.