Кыргызстандык өндүрүшчүлөр аскердик учкучсуз учакты чогултушту. Соцтармактарда жарыяланган маалыматтарга караганда, учкучсуз SAARA-02 учагы кыргызстандык инженерлер тарабынан иштелип чыккан.

 Учкучсуз учакты чогултуунун үстүндө кыргызстандык өндүрүшчүлөр эки жыл иштешкен. Жакында ал Баткенде сыноодон ийгиликтүү өттү. Ал тактикалык жана күжүрмөн функцияларды да аткарат. Мындай түзүлүштөрдүн болушу коргонууну бекемдөөгө тийиш.