Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карады.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген.  

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Улугбек Календеров сунушталган долбоор мыйзамды колдонуудагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында иштелип чыкканын белгилеп, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндөгү” жанаа “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндөгү"  Президенттин жарлыктарынын алкагында даярдалганын кошумчалады.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан түзөтүүлөр жалаң гана редакциялык мүнөзгө ээ.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашев ссуданы төлөй албай калган жарандардын санын сурап, төлөй албай кыйналгандар үчүн кечүү маселесин кароо зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Айсаракан Абдибаева ссудаларды реструктуризациялоо маселесин кошумчалады. Каржы министринин орун басарынын айтымында, учурда 23 миңден ашуун адамдын 1 миллиард сомдон ашык карызы бар.