Бүгүн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитети Катар футбол ассоциациясын 2023-жылкы Азия кубогун өткөрүү үчүн кабыл алуучу ассоциация катары бекитти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси маалымат таратты.
Анда айтылгандай, Азия кубогу үчүн оюндар 2024-жылдын январында өтөт. Финалга 24 команда, анын ичинде Кыргызстандын курамасы чыккан.
- Турнирдин ээси - Катар
- Австралия
- Япония
- Иран
- Ирак
- Түштүк Корея
- Ливан
- Палестина
- Оман
- Кытай
- БАЭ
- Сауд Аравия
- Вьетнам
- Иордания
- Сирия
- Өзбекстан
- Индия
- Бахрейн
- Тажикстан
- Тайланд
- Малайзия
- Гонконг
- Индонезия.
Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өткөн. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашып, бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте жүрдү. Оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы Азия кубогуна жолдомо алган.