Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо рекламалык роликке тартылды. Эл өкүлү шаардагы эркектердин кийимин саткан дүкөндү жарналамалаган.
"Келип, костюм алып кетсеңиздер эң жакшы болчудай экен", - дейт депутат.
Жогорку Кеңеш - мамлекеттин жооптуу, даражалуу бийлик бутактарынын бири. Өлкө тагдырын өзгөртө турган депутаттар эми жарнаманын көркү боло башташыптыр. Жарнама шоу жаатындагы атактуулардын жеген наны экени белгилүү. Эми минтип парламент өкүлдөрү дагы депутаттык мандатын жарнамага пайдаланып, кошумча каражат табуунун булагын өздөштүрүшүүдө. Эми калган депутаттар дагы бири баш кийимди, бири бут кийимди жарнамалап чыгышпаса болгону...