Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева (Ыйман Нуру фракциясы) Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек келишимин колдоого алыш керек деп эсептейт. Айтымында, келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы камтылган.
"Кемпир-Абад бүгүнкү күндө абдан көйгөйлүү маселе болуп турат. Жарандык коом өкмөттүн келишимин талкууга алып, сын-пикирлер көп болуп жатат. Биздин өкмөтүбүз бул мыйзам долбоору боюнча иштеп, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мен ойлойм, келишимди колдоп, өкмөткө жардам беришибиз керек. Анткени, баарыбыз Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөйбүз. Өткөн жумада депутаттарыбыз Кемпир-Абадга барып келишти, элдин көйгөйлөрүн угушту.
Бул жерде жергиликтүү тургундардын да билдирүүлөрүн эске алуу керек. Алар маек беришип, суу сактагычтын алардын жашоосуна жараткан ыңгайсыздыктар тууралуу айтышыптыр. Суу алып кеткен учурлар болуп турат экен. Жерди тууралуу колдоно албай жүрүшөт. Ошондуктан, Кыргызстан менен Өзбекстан бул жаатта бир макулдашууга келгени эки жакка тең пайдалуу болот. Эки өлкөнүн эли ынтымакта жашашы керек", - деди депутат.