Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

Бахрейндин Манама шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Рыскулбеков оор атлетика боюнча күмүш медалга ээ болду. 

Маалыматка караганда, Рыскулбеков 102 кг салмак категориясында катышып, жулкуп көтөрүүдө 173 килограммды,  түртүп көтөрүүдө болсо 216 килограммды көтөргөн. Жыйынтыгында, жалпы 389 упай менен 2-орунду ээледи.

Буга чейин аталган мелдеште оор атлетчи Эмил Молдодосов 89 кг салмак категориясында күмүш медаль алган.