Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселесинде Владимир Путиндин жардамы керектигин айтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. 

Эске салсак, жакында Астана шаарында үч президенттин: Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болгон. 

Иманкуловдун айтымында, сүйлөшүү ачык жүрдү. 

"Сүйлөшүү ачык өттү. Маселенин баары делимитация жана демаркация маселелери убагында чечилбегендиктен келип чыкты. Президентибиз Садыр Жапаров Владимир Путинге кайрылып, эки тараптын бир пикирге келүүсү кыйын болуп калгандыктан Россиянын жардамына муктаж экенин белгилеп, кийлигишүүнү суранды. Путин бул боюнча ойлонуп, материалдарды көтөрө турганын айтты. Россия СССРдин укуктук мураскери, Москванын архивинде документтер, карталар бар, ошондуктан бул маселе оң жагына чечилет деп ойлойм", - деди Марат Иманкулов.