Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” тасмасын Алматыда көрсөткөнүңүз соцтармакта билдирилди. Казак баурдастар кыргыздын тарыхый киносун кандай кабылдашты?
- Түркия, Орусиядан кийин Казакстанда кино адистерге жана коомчулук өкүлдөрүнө “Манастын уулу Семетй” тасмабызды көрсөтүүнү уюштурдук. Ага Алматыдагы кыргыз диаспорасы (жетекчилери Руслан Мамыров, Манас Ташыбеков), Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу (башкы консул Назарали Арипов), Казакстан калк ассамблеясынын достук үйү (директору Нурсауле Альтекова) көмөктөштү. Казактын белгилүү кино актёру,”Кыз-Жибекте” Бекежандын, “Транссибирь экспрессинде” (“Атаман Дутов”) баш каарманды аткарган СССРдин эл артисти Асанали Ашимов, Казакстан жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Нурлан Орозалин, “Казакфильмдин” башкы редактору Бекбулат Шекеров, кино продюсер Болат Шанин баш болгон казактын бир катар коомдук жана маданий ишмерлери катышты.
“Кемчилиги жок иш болбойт. Улутту ааламга даңазалоодо кинонун ролу көп”, - деп Ашимов “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун жакшы билээрин, алардын кеңири тарашына казак илимпоздору Чокан Уалиханов менен Мухтар Ауэзовдор убагында чоң салым кошушканын эскерип, улуу оозеки чыгарманын тасмага айланганын кубаттап, анда кыргыздын кооз табияты жеткиликтүү чагылдырылганын, бир катар актёрлор өз ролдорун мыкты ойношконун ыраазы болуп белгиледи.
- Түркия, Россия, Казакстан – бир катар өлкөлөрдө кино көрсөтүп, маданий, коомдук ишмерлери менен мамиле күтүп жүрөсүз. Алар менен кинодон тышкары эл аралык абал, Кыргызстан тууралуу да пикир алышсаңыз керек. Өлкөбүз тууралуу алар кандай ойдо?
- Арийне, кинодон өтүп, жалпы маданият, анан саясат тууралуу такай пикир алышабыз. Баары улуу “Манас” эпосубузга, Чыңгыз Айтматовго, Ысык-Көлүбүзгө суктанышат. Эми жакындан бери Кыргыз саясатына кызыгышып, ажобуз Садыр Жапров тууралуу кеңири билгилери келишет. “Мыкты элсиңер, түрмөдөн алып чыгып калкка күйгөн патриот инсанды президент кылдыңар. Элдик лидериңер дүйнөлүк ири компанияларды кууп чыгып, кендерин өзүңөргө алып, эми эл аралык улуу темир жол магистралын салууга белсенди. Эл аралык канондорду, рамкаларды быт-чыт кылган чыныгы эр лидер экен Садыр Жапаров”, - дешет.
Биздин мамлекет башчынын эл аралык аренада эч бир державага жүгүнбөй, көз карандысыз, калыс саясат жүргүзүп, БУУнун бийик трибунасында курч сүйлөгөнү, ШККнун аскерий машыгуусунан баш тартканы сымал чечкиндүү кадамдарына тамшанышат.