Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, милиция Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоо фактысы боюнча териштирүү иштерин баштады.
Кечээ соцтармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сомун уурдатып, көзүнө жаш алган аксакалдын видеосу тараган. Маалыматка караганда, бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн аксакалдын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Эске салсак, акчасын уурдатып ыйлаган аксакалга ошол базардагылар 117 миң сом чогултуп беришкен.