Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун рейтинги 2022-жылдын апрелиндеги акыркы сурамжылоодон бери 4 пайызга өскөнүн Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду. 

Маалым болгондой, сурамжылоо 2022-жылдын 10-августунан 5-сентябрына чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогорку курактагы 1500 кыргызстандык катышкан. Жыйынтыгында,  Садыр Жапаровго респонденттердин 38 пайызы ишенери айтылды. 2022-жылдын апрель айында бул көрсөткүч 34 пайызды түзгөн.

Президенттен кийин экинчи орунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев турат. Ага респонденттердин 18 пайызы ишенет. Апрель айындагы акыркы сурамжылоодо ал ушундай эле көрсөткүчкө ээ болгон.

Үчүнчү орунда - депутат Нуржигит Кадырбеков. Ага респонденттердин 11 пайызы ишенет. Апрель айында бул көрсөткүч 13 пайызды түзгөн.

Төртүнчү орунда депутат Адахан Мадумаров. Бул ирет анын рейтинги 2 пайызга өскөн.   

Ал эми депутат Эрулан Кокуловго элдин ишеними төмөндөгөн. Ага апрель айында кыргызстандыктардын 5 пайызы ишенсе, азыр 4 пайызы ишенет.

Депутат Дастан Бекешев менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге 2 пайызы ишеним көрсөткөн. Өткөн жылы да көрсөткүч ушундай болгон.

Жанар Акаевдин рейтинги 1 пайыздан 2 пайызга жогорулады.