Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Маалыматта тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өткөнү айтылган.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.