КР Эл аристи Бек Борбиев Кемпир-Абад боюнча талаш маселеге токтолуп, чек ара чырын чечүү үчүн кандайдыр бир жол берүүгө баруу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
- Кемпир-Абад курулгандан бери эле өзбек туугандар иштетип келе жатат. Эмнеге мурда бул маселе көтөрүлгөн эмес, тан калычтуу...
Керек болсо кыргызстандыктар кайык менен балык кармай алчу эмес, "мал - жанды дагы жая албайбыз" деп далай армандаган сөздор айтылып келген. Ошондо бир реакция кылбагандар бүгүн кыйкырып атса, башкача көрүнөт экен. Айтор, карапайым эл саясатчылардын колунда курал болуп жаткандай.
Биз эгемен мамлекет катары бардык коңшулар менен ынтымак, тынчтыкта болушубуз керек. Бир күнү чек аралар такталып, чек аралар ачылуусу зарыл. Бул деген карапайым элге соода, бизнес мейкиндиги, ал эми эки өлкө үчүн экономика. Өзбекстан мамлекети менен мына ушул нерсеге жакындап келдик. Эртең чек ара маселеси чечилсе бардык бажы постору ачылат, карапайым элге бул жакшы. Эртең тажик бийлиги менен дагы дал ушинтип консенсуска келтирчү мезгил келээри бышык. Азыркы Рахмондун бийлиги куласа, аларга да адекваттуу бийлик келсе - бул жакында боло турчу маселелер. Кечээ бизге кол салды деп жалпы тажик улутун жек көрүүгө болбойт. Жалпы жаман эл болбойт, эл арасында маңкурт адамдар, келесоо бийлигин колдогондор болушу мүмкүн. А мындай айтсак тажик коңшулар менен миндеген жылдар тынчтыкта, урмат- сыйда, коңшулук бир тууганчылыкта жашап келгенбиз жана дагы жашайбыз
Өэбекстан менен чек арабыз чечилгени турганы эки элдин карапайым катмарын кубандырып жатат. Албетте, чек араны тактоодо бир тарап бир жерден утса, бир жерден утулуп, акыры бир "алтын ортолук" таап, бир келишимге келгени - бул достукта, ынтымакта жашайлы дегенге умтулуу деп түшүнөм.
Эртең тажик бийлиги менен дагы чек ара тактоодо дал ушундай түшүнбөстүктөр жаралбай койбойт. Ал жерден дагы бир жерден уттуруп, бир жерден утуп, анан чечилет. Айтайын дегеним, мындай учурларда саясатчылар өз амбицияларын тыйып, тескерисинче элге түшүндүрмө берип, мамлекетибиздин сырткы чоң стратегиясына көмөк көрсөтсө жарашат эле.
Карапайым эл тынчтыкты, ынтымакты каалайт. Саясатчылар 30 жылдан бери улам бийликти алмаштырып келесиңер. Же элдин турмушу оңолбойт, баягы эски жыртык чокой кийип келебиз. Эми коңшулар менен чек аралар ачылып, карым - катнаштарды түзөбүз деп атса, ага да каршы болуу - бул душмандык. Балким 30 же 50 жылда бул чек аралар жоюлуп, Орто Азия чөлкөмү азыркы Евросоюздун өлкөлөрүндөй ачык, чоң, бир акча колдонулган союз болоорбуз. Анда чек аралар картадагы эле чийин болуп калат.