Ички, сырткы коопсуздугун ойлогон, мыйзамдуулук өкүм сүргөн цивилдүү өлкөлөрдүн баарында сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын, ММКлардын иштерине тыюу салынган. Уруксат берилгендерине мамлекет тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Мыйзамды бузуп, өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирген иш-аракеттери аныкталса, дароо мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт. Россияда андай бейөкмөт уюмдар мыйзам чегинде агенттер, шпиондор деп эсептелет. Ишмердиктери, каржылык жактары  катуу көзөмөлгө алынган. Аз күн мурда Түркиянын парламенти атайын мыйзам кабыл алып,  интернет айыдыңында дезинформация тараткан журналисттерди, социалдык тармактын колдонуучуларын  1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыраткан мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул өлкөнүн коопсуздугун, элдин тынчтыгын  камсыз кылуу үчүн болгонун белгилешти. 

Тилекке каршы, бизде бул жагдай жөнгө салынбай келет. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» деген акыбал. Блогер, активист сөрөйлөр эмнелерди гана жазышпайт, кандай гана маалыматтарды таркатышпайт. Жалган, чагымчыл, башкалардын ар-намыстарына шек келтирген маанайдагы маалыматтар. Алардын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде чара көрүү маселеси көтөрүлсө эле, «кокуй, сөз эркиндигин муунтканы жатышат, эркин ММКлардын ооздорун басканы жатышат» деп айгай салышат. Ошол эле мезгилде сөз эркиндиги бул мыйзамдуулук, жоопкерчилик экенин уруп да коюшпайт. Мындай абал  Батыштагы каржыланган уюмдарга да оңтойлуу болуп, алар бул жердеги НПОлор, ММКлар аркылуу өздөрүнүн арам максаттарын, ойлорун ишке ашырып келишүүдө. 

ЖК депутаты Надира Нарматова тарабынан «Азаттык», «Кактус», «Клооп» сыяктуу Америка, Батыштан каржыланган ММКлардын жоопкерчиликтерин кароо, мыйзам чегинде чара көрүү маселеси көтөрүлүп, Батыштан келген акчага күн көрүп келатышкандар бездерине сайгандай чочушуп, Нарматованы мокочо көрсөтүп, сөз эркиндигин бетке кармашып, нааразылык акция, марштарды өткөргөнгө үлгүрүштү. Бирок эл өкүлү Надира Нарматова эң туура маселени көтөрдү. Жогорудагы ММКлардын жоопкерчилигин кароо маселеси эбак бышып жетилген. Акыркы учурларда жогоруда аталган ММКлардын ишмердүүлүгү жалаң чагымчыл, деструктивдүү маанайдагы маалыматтарды таркатууга, саясий абалды чыңалтууга, эл ичине бүлүк салууга гана багытталып калганы чындык. Тажикстан менен болгон тирешүүлөрдө «Кактус» агенттигинин  кыргызга кыянатчылык кылганын унута элекпиз. Каржыны бергендер эмне дешсе, ошону аткарышып, аларга курал болушуп, кыргызга каршы иш-аракеттерди жүргүзүп келүүдө. Өздөрүнүн Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иштерин жаап-жашыруу, андан ары улантуу үчүн «сөз эркиндигин чектегени жатышат» дегенди  ойлоп табышып, ошону бетке кармаганды жакшы өздөштүрүп  алышты. 
Өкүнүчтүүсү, чындыкты ачык айтуудан, шайлоочуларынан, социалдык тармактагы жаалдангандардан корккон эл өкүлдөрү Надира Нарматованын сунушун колдоого алууга жарабай жатышат. Өлкөнүн ички коопсуздугу, элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү жалгыз Надира айымга эле керек эмес го!

Тилекке каршы, көпчүлүк дерутаттар үчүн чындык, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы эмес, өздөрүнүн мандаты, шайлоочуларынын добуштары маанилүү экен. Надира айымдай 10 чакты депутат болгондо, социалдык тармактагы башаламандык, чагымчылдык, караламай, боктомой көрүнүштөрү тартипке келмек. Эртеби, кечпи бул маселе күн тартибине чыгып, Түркиядагыдай мыйзам бизде да кабыл алынып, өлкөгө каршы маалыматтык иштерди жүргүзгөндөргө жазалар каралышы зарыл.