Баткен менен Чоң - Алайдагы каргашалуу окуялардын өнүгүү жүрүшүнө жакшылап баам салган кишиге кандуу кагылышууга алдын ала катуу даярдык көрүлгөнү, ага дагы башка көмүскө күчтөрдүн тартылганы, окуя үчүнчү бир күчтөрдүн айдактоосу аркылуу даярдалганы көрүнүп турат.
Элибиз өтө көрөгөч, "Эрдик кылса ким кылды, аты калды Манаска" деп эбак эле кара кылды как жаргандай айтып салган, бул жолу да ошондой болгонсуду. Бирок баамдаган адамга, анын чындыгы бардай туюлат. Анткени, мындай ар бир ири окуянын артында кайсы бир карабашыл адамдар турганын эгерим эстер чыгарбашыбыз керек. Айрыкча, өлкө жетекчилиги, анын ичинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үчүн өтө сынаакы учур болуп турганын жакшы түшүнөбү.
Камчыбек Ташиевге жакында эле Кыргыз Республикасынын Баатыры берилгени, мындай баа анын каршылаштарына анчалык жага бербей, ачуу сынга кабылганын жакшы билебиз.
Эми президент менен а́нын дарегине айтылып жаткан андай-мындай аңыз жана тайыз кептердин себебин менден деле жакшы билет болушуңар керек. Ал эми Камчыбек Ташиевдин ушундай кыйын кырдаалда дагы бир ирет жасаган эрдиги андай арампош ээн ооз сынчы сымактардын жаагын жап кылды десек болот.
Ушунчалык кыска мөөнөт аралыгында жедеп коррупцияга баткан чегара кызматын кайра уюштуруу, УКМКнын тышкы жана ички чалгындоо кызматтарын жөнгө салуу, көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, чегара кызматын мына ушундай күтүүсүз кырдаалдарга даярдоо, алардын жашоо жана иштөө шартын жакшыртуу сыяктуу уюштуруу чараларынын канчалык денгээлде, ошондой кечиктирилгис чаралардын натыйжасы бүгүн ачык байкалды. Ошондуктан, азыр баатырыбыз анчалык деле көп эмес, тартынбай эле баатырды баатыр деш керек. Анын башка далили - кыргыздын чет душманда теңата такаат кылганы.
Эми, бул жерде ачык айтылбай турган сырлар да бар, ал кези келгенде ачыкталар.
Кыскасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата ишеними, мамлекеттик кызмат адамы катары берген баасы сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө да өз баасын алды десек болот.
Кемел Белек