Печать
Категория: Коом
Просмотров: 439

- Коомчулукта "Азаттык", "Кактус медиа", "Клоопту" жабуу боюнча пикирлер арбын айтылып, митингге да чыккандар болду. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

- Биздин коомчулук дайыма кечигет, беймарал уктай берет, анан аары чагып алгандай безилдеп чуркап калат! 
2012-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Чет өлкөлүк тыңчылар (агенттер)” жөнүндө мыйзамдын долбоорун Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова үчөөбүз сунуштасак - депутаттар да, президент да колдобой коюшту. А НПОлор болсо бизди талап кетти! Талап кеткенде да Америка менен Европанын агенттери бизди, үч депутатты, Орусиянын агенттерине чыгарып коюшту. 

Ошондо “мыйзам долбоорун демилгелеген үч депутатты жазаладык деп сүйүнбөгүлө - силер кыргыз элин жазаладыңар! Кыргызстанга коопсуздук, стабилдүүлүк, тынчтык абадай керек эле, бирок силер мыйзамыбызды өткөрбөй койдуңар. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн, коомчулук бул мыйзамдын керектүүлүгүн кайра көтөрөт. Бирок, убакыттан уткурган болобуз” деп билдирүү жасаганым депутаттардын да, коомчулуктун да эсиндедир.

А Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында Жанар Акаев менен Чолпон Жакупованын сунуштары менен биздин мыйзамдын долбоорун четке кагып көмүп салышты. Албетте ошол кездеги президент менен Жогорку Кеңеш АКШ баш болгон Батыштан, эл аралык уюмдардан жана Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан чочуп кетти. 

Жети жыл мурда ошол мыйзамыбыз кабыл алынганда бүгүнкү кырдаал түзүлмөк эмес. Эми ошол үч депутаттын бириси гана - Надира Нарматова 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. НПОлорго жана эл аралык уюмдарга аны талатпай, коомчулук “ошол мыйзамыңарды кайра көтөрүп чыгыңыз!” деп кайрылуусу абзел. Коомчулуктун дагы бир уктаганын мисалы: быйыл февраль айында “ЭрК” партиясы  блогерлер жана жарандык активисттер менен бирге “Кактус-медиа” жана “Клооп” кеңселелеринин жанында ушул эки маалымат портал жана “Азаттык” радиосу менен “Азия плюс” сайт жабылсын деп митинг уюштурсак, көбү митингге кошулбай койгон болчу. Мына эми гана ушул талапты кайра көтөрүп чыгып жатышат.

“Пока петух не клюнет в одно место, они не предпримут действий!” (“Короз бир жеринен чокумайынча, ордунан жылышпайт!”) деген сөз бар. Биздин коом да ошондой сыяктуу.