- Коомчулукта «Азаттык», «Кактус медиа», "Клоопту" жабуу боюнча пикирлер арбын айтылып, митингге да чыккандар болду. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

- Башынан эле "Азаттык" биздин жерге жакшы ниет менен келген эмес. Дайыма өлкө ооп-төгүлүп турганда ишти ырбатып жибериштин айласын издеп турушат.

Ал эми "Кактус" деген неме оппозициядагы бир экс-президенттин менчиги болсо керек деп ойлойм. Кызматтан кеткен соң жөн оокатын кыла берсе  болот го акыры.  Жок, өзүнө жок болсо башкага да ыраа көрбөй тополоң кылыш керекпи.
Буларды жабыш керек деген маселе туура көтөрүлүп жатат. Элдин өзүнүн менталитетине туура келген маалыматтар чыгып турса эң сонун болмок.

Ал эми булар короз уруштурмай ойноп жатышпайбы. Жөн отурган жерден атайын уруш чыгарышат.  Аларга жөн отуруп калуу болбойт деген сезим орноп калган. Жүргүзүп жаткан иштеринин максаты - көгүштөрдү колдоо дагы, алардын жашоодо бар экенин көнүмүш нерсеге  айландыруу. Ошондуктан буларды жабыш керек деген маселенин көтөрүлгөнү туура.