Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында күз-кыш мезгилин ар кандай күтүүсүз маселесиз өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берээрин билдирди. 

Ал  күз-кыш мезгилинде 3 миллион 29 миң 244 тонна көмүр керектелерин белгиледи. Анын ичинде 1 миллион 236 миң 600 тонна калктын керектөөсүнө кетет. Ал эми Бишкек ЖЭБине 1 миллион 500 миң тонна талап кылынат. 

"Бүгүнкү күндө анын 242 миң 700 тоннасы ЖЭБге жеткирилди.  2021-жылдын ушул мезгилинде ЖЭБге 251 миң тонна жеткирилген, ортодо 9 миң тонна айырма болуп жатат. Бир-эки күндө калганы жеткирилет. 1 миллион 50 миң тонна көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы даярдайт, 50 миң тоннасын Таш-Көмүрдөн, 400 миң тонна Казакстандан алып келинет” , - деди министр.

Ошондой эле, ал белгилегендей, 48 миң 472 тонна мазут керектелет жана аны “Кыргызнефтегаз” жеткирип жатат. Кара-Кечеде бүгүнкү күндө 300 миң тонна көмүр жүктөөгө даяр турат.