Россиядагы кыргыз мигранттар аскерге чакырыла баштаганын Жогорку Кеңештин жыйынында Алишер Козуев билдирди.
Айтымында, кыргызстандыктарга военкоматка поветка келгени боюнча эки факты бар.
"Биздин жарандар дагы повестка ала башташты. Азыр бул боюнча эки факты бар. Кыргыхстандын Москвадагы элчисине юристтердин штатын көбөйтүп, өз убагында иш аракеттерди жасоону тапшыруу керек. Мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин диаспоралардын лидерлерин тартуу менен жүргүзсөк болот", - деди Алишер Козуев.