Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. 

Ал суу сактагыч боюнча пикирлер кайчы келип жатканын белгилеп, депутаттар ал жерди өз көздөрү менен көрүшү керектигин айтты. 

"Кыргыз-өзбек келишими боюнча угууда көп талаш-тартыш болду. Биз депутаттар, ошол жерге барып, баарын өзүбүз көрүшүбүз керек. Андан кийин эгер керек болсо, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү", - деди Шарапаткан Мажитова.