Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылуу фактысы боюнча ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын капитаны Б.У.М. жол кырсыгынын фактысы боюнча материалдарды токтотуу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.
Ушул жылдын 12-октябрында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын, КР ИИМдин Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана облустук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан, милиция кызматкери мурда алган акча каражатын кайра кайтарып берүү учурунда кармалды.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголуп жана бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.