Кыргызстан Түркиядан кезектеги "Акынжы" Байрактарды сатып алышы айрымдардын терс реакциясын жаратты. УКМК төрагасы өлкө жана анын ар бир жараны үчүн маанилүү болгон учкучсуз учактын келишин кубанычтуу самаалык катары кабыл алып, аны коомчулукка жарыялады. Бул сүрөт кээ бир батыштын көз карашын кыргыз коомчулугуна таңуулоо милдетин артынгандардын чекесине сайылган тикенектей эле болду. 

Мисалы, укук коргоочу Рита Карасартова, депутат Адахан Мадумаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, жарандык активист Атай Бейшенбек дароо бул боюнча терс ойлорун жазышты. Булар баягы эле Кыргызстандын ар бир жакшылыгын жамандыктай кабыл алып, кылдан кыйкым издегендер тобу.

Таң калыштуусу, аталган адамдар канча бийлик алмашты, канча өзгөрүүлөр болду - баштапты түптөп алган көз карашын өзгөртүшкөн жок. Кайсы бийлик болбосун туруктуу оппозиционерлер. Ар дайым жакшылыктан жамандык издегендер. Бир да жолу өлкөнүн кайсы бир жаңычылдыгын, кубанычын колдоп-коштогон эмес. Же коомго негатив жаратып турганы үчүн Батыш сыйлыгын ыйгарып келеби? 

Ошол эле убакта карапайым калк, көпчүлүк өлкөнүн заманбап аскер техникасынын катары калыңдаганын кубануу менен кабыл алышты. Анткени, бул ар бир жарандын коопсуздугу, мамлекеттин бүтүндүгүнүн кепилдиги. 

Өлкөнүн патриоту болуу үчүн сын айтуунун кереги жок. Бийликтин ар кадамын сындап, кыйкырууну адатка айлантуу зарыл эмес.  Патриоттуулук - Батыштын акчасынан Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору коюу!