Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салынганын Улуттук банк билдирди.
Маалыматка караганда, финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан М. К. А. аттуу кыргыз жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.