Жогорку Кеңештин депутаты Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, каржы пирамидасын жарнамалоо үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ташиевдин айтымында, өлкөдө коомдук ишмерлер, эл алдындагы таанымал адамдар каржы пирамидасын өзүнүн эл арасындагы атак-даңкына таянуу менен жарнамалаган учурлар көп кездешет. Алар өзүнүн аймагындагы социалдык статуска ээ болуу менен өзүнүн элине социалдык же экономикалык жардам көрсөтөм деген шылтоого таянып карапайым элди алдап, аларды бул же тигил каржы пирамидасына тартышууда.
"Жарандарыбыздын көбү юридикалык же экономикалык билими жок, коомдук ишмерлерге ишенишет, өзүнүн топтогон акчасын каржы пирамидасына салышат дагы, ошону менен жок кылышат. Каржы пирамидасын так жарнама алдыга жылдырып жатат", - деди Шаирбек Ташиев.