Кыргыз Республикасынын УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү (жалган ишкерлик) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.
Буга байланыштуу ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.
Тергөө иштери уланууда.