Печать
Категория: Коом
Просмотров: 813

Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына кесиптеши Надира Нарматова тууралуу жазды. Анын айтымында, эл өкүлү үч маалымат каражатын жаптыруу үчүн президентке кайрылуу жолдоп, ага депутаттарга кол койдуруп жүрөт. 

Бирок бул боюнча Надира Нарматованын варианты такыр башка. Бекешевге кош көрүнөт болгонбу, Нарматова өзү даярдаган мыйзам долбоору үчүн кесиптештеринен колдоо сураган. Ар кандай долбоорду ишке ашыруу үчүн ал көпчүлүктөн колдоо табышы керек. Мына ушул максатта кесиптештеринен жардам сураган Нарматова өзү күтпөгөн жалаага кабылды. 

Дастан Бекешев "саман учса Самарканд өрттөндү" адатына салып, кулагынын учу чалып калганды апыртып айтып чыкты. Буга чейин деле бул депутат ар кайсы маселеде "бузук телефондугун" далай көрсөткөн.

Депутат мырза кесиптешине жалаа жабаардан мурда анын чын бышыгын аныктап алса болмок. Эл өкүлдөрү өздөрү такталбаган маалыматтын булагы болсо, башкалар кимден үлгү алат?