Ушул жылдын 16-сентябрында Тажикстандын кол салуусунан улам үйсүз калган Баткен облусунун тургундарына атайын эсепке түшкөн каражаттан убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Ал белгилегендей, 420 үй-бүлөгө убактылуу жашап турганга турак жай ижарасынын акысы үчүн 49,6 млн. сом бөлүндү.
"Ал эми үйлөрдү калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Жабыркаган жарандарга өзүнчө каражат бөлүнөт", - деди Жылдыз Дүйшеева.
Буга чейин эл атайын Баткен үчүн эсеп ачып, ага жалпы 320 млн. сом чогулганы айтылган.