Укук коргоочу, Консолидация жана диалог Кыймылынын төрагасы (КДК) Турсунбек Акун Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушунун алдын алуу боюнча сунушун жолдоду. Анын айтымында, саясий күчтөр бир тилекте иш алып барышы керек. 

"Президент Садыр Жапаров башында турган кыргыз бийлиги бийликте турган эки жылдын ичинде Конституциялык жана саясий реформа кылууга жетишип, Кумтөр кенин Кыргызстандын менчигине алып, коррупция менен алгылыктуу күрөшүп, жарандардын кээ бир социалдык проблемаларын чечүүгө жетишип, башка мамлекеттер менен өз ара алакаларды түзүп, бир топ ийгиликтерге жетише алды.

Ошону менен бирге эле бир катар кемчиликтерге жол берилди.

Президент башында турган азыркы бийликтин, оппозициялык жана башка коомдук-саясий күчтордүн негизги максаты өлкөдөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

Улам эле революция же төңкөрүш кылуу бизге өнүгүүнү алып келбейт. Төртүнчү революцияны элибиз көтөрө албайт. Элдик толкундоолордун негизинде улам алмаша берген кыргыз бийлигин дүйнөлүк коомчулук да туура түшүнбөйт.

Бизге өз ара араздашуу, каршылашуу жана жоолашуу эмес, өз ара түшүнүшүу, сүйлөшүү (диалог) жана биригүү (консолидация) абадай керек.

Жалпы эл шайлаган Президентке бардык жагынан көмөк көрсөтүп, ар бирибиз өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн салыш кошушубуз учурдун талабы.

Дүйнөдө болуп жаткан тагдыр чечүүчү глобалдуу геополитикалык өзгөрүүлөрдү эске алып, Президент өлкөдөгү улуттук, патриоттук, коомдук-саясий күчтөрдүн башын бириктирген улуттук форум өткөрүп, алардын баарын сүйлөшүүгө (диалог) жана биригүүго (консолидация) чакырып, саясий абалды жакшыртуу, ынтымакка келүү жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн кечиктирилгис аракеттерди көрүүсү зарыл.

Кыргыз мамлекетинин жана Кыргызстан элинин жалпы кызыкчылыгы үчүн жооптуу Президент башында турган өлкө бийлигине жана улуттук, патриоттук жана жалпы коомдук-саясий күчтөргө кайрылып, баарыңыздарды сүйлөшүүгө (диалогко) жана улуттук биригүүгө (консолидация) чакырам.

Демилгеленген улуттук форумду өткөрүү үчүн Президентке бардык жагынан көмөк көрсөтүп, уюштуруу иштерине жардам берүүгө даярдыгыбызды билдиребиз", - дейт Турсунбек Акун.