Коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек келишими тууралуу пикирин билдирди. 

- Союз таркагандан кийин Акаев Кыргызстандын түндүк тарабындагы чек араларды жарым-жартылай чечип, түштүк тарабын чечкен эмес. Бакиевдин тушунда Каркыра жайлоосунан бир канча гектар жер алмашылып, толук чечишкен. А түштүк тарап ошол бойдон чечилбей кала берген.
Акаев бийлик башына келгенден С.Жээнбековго чейин түштүк чек ара маселесин чечмек тургай козгошкон эмес. Элден коркушканбы же коңшулар менен сүйлөшө алган эмеспи, бир метр да чек ара чечилбептир.

Тескерисинче, "Ислам Каримов  өлсө чечебиз", -  деп элге "лапша" илип, коңшу менен болгон мамилени татаалдаштырып коюп жок болушкан.

Ошондой өз элине чокчолой баатыр болуп, башкаларга баш көтөрбөгөн биздин мурунку бийликтердин алсыздыгын пайдаланган коңшулар кээ бир жерибизди өз билемдик менен басып алып, зым торлорун тосуп алса, экинчи жерлерибизге ички саткындардын жардамы менен кирип келишип, үйлөрүн куруп алышкан. Чечилбеген чек аранын айынан канчалаган мекендештерибиз окко учуп, эчендеген малдарыбыз уурдалып, тез-тез уруш-жаңжалдар чыгып турган.

Ушундайларды көрүп-билип туруп мурунку биздин бийликтер чечкиндүү кадамдарга барган эмес, ал эмес ошол кыйналган элге барып койбой, жылуу төшөктөрүндө жатып алышып элибиздин канын сорушкан. Кыскасы, мурункулар бийликти мамлекетти өнүктүрүү үчүн эмес, жеке  бизнес кылуу үчүн, казынаны тоноп баюууга колдонушкан, ыйык Кыргызстаныбыздын калбырын чыгарышкан.

Ошентип, калбыры чыккан Кыргыз Республикасын өткөрүп алган президентибиз С.Жапаров менен УКМКнын төрагасы К.Ташиев чечкиндүү кадамдарга барып, чиеленишкен маселелерге көңүл буруп, ошонун ичинен чек ара маселеси орчундуу экенин билишип, аракетин башташкан эле. Негизинен чек ара маселесин чечүү оор маселе, минус-плюстар менен чечилет. Биз эле ойлогондой болбойт. Мамлекеттин чек арасын эмес, коңшу жашаган адам менен жер маселесин чечүү кыйын. Ошондой болсо да коңшу Өзбекстан менен чек ара маселесин толук чечип, талаш деп эсептелген жерлердин 99% алганы бул эрдик, алкыш...

Кээ бирөөлөр отуруп алышып "өзүбүздүн жерди, өзүбүзгө бериптир" деп өтө патриот болуп сүйлөшсө таң каласың.
Бизге башканын жеринин кереги жок, өтүп кеткен өзүбүздүн эле жерлерибизди тынчтык жолу менен, тосуп алган зым торлорун буздуруп, биздин бир кичинекей райондун аймагынча болгон 19000 миң кв/м кайтарып алуу эмне деген жетишкендик.....

Тартып алып, тосуп алган жерди кайсы мамлекет тынч өткөрүп берет?..

Эмнеге сүйүнүп кол чаппай, кайра  кээ бир бузукуларга ишенип ызылдайбыз...

Эмнеге жакшы нерсени көрбөйбүз......

Өз жерин кайра ала албай  Украина эмне болуп жатканын билбейсиздерби. Бизге андайдын кереги жок, бизге азыр чек ара минус-плюсу менен болсо да чечилип, өлкөбүздү коопсуз мамлекетке айлантып алуу, экономикабызды көтөрүү. Экономикабыз мыкты болсо күчтүү армия болот. Күчтүү армия менен баарын жасасак болот.

Ошондуктан жердештер, ар кимге ишенип чурулдабай тынч турсак көп жакшы жаңылыктарга күбө болобуз.
Мен ишеничтүү айта алам К.Ташиев менен С.Жапаров чек араны Кыргызстандын пайдасына чечет жана бир метр жер да бербейт.

Биздин байлык - ыйык Кыргызстаныбыз жана аны байырлаган элибиз!